Мурдагы министр Сабировдун жардамчысы сотто түрдүү көрсөтмө берүүдө

Мурдагы министр Равшан Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзаахмедов сотто түрдүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бүгүн сот жыйынында судья Кымбат Архарова Мирзаахмедовдун түрдүү көрсөтмөлөрүнө ачуусу келди.

"Өткөндөгү көрсөтмөлөрдө балдарды асырап алуу боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Cиз сыртта жүргөндө шкафка акча салганын көргөн эмесмин дегенсиз. Кийин МУККнын кызматкерлери бөлмөгө кирип, ал каражатты табышты. Бүгүн Cиз ал акчаны салып атканын көрдүм деп атасыз. Сиздин кайсыл көрсөтмөңүз чын?", - деп суроо салды судья.

Ал соттун мындай суроосуна "Өткөндө кээ бир учурларды унутуп калыптырмын", - деп жооп берди.

Ошондой эле ал соттун "Италиялык уюмдан алган акчаны эмне кылайын дедиңиз эле?" деген суроосуна, "Үйгө алып кетмекмин", - деген жооп кайтарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД