Дыйканбаев Текебаев 100 миң евролук "темир тулпарды" кайдан алганына кызыкты

Оппозициялык "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканов "Ата Мекен" фракциясынын лидери баасы 100 миң евродон ашкан "темир тулпарды" кайдан алганына кызыкты. Бул тууралуу ал "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Депутаттын айтымында Текебаевге автобус түрк ишкерлери тарабынан берилген. "Мени автобус бажыдан кантип өткөндүгү кызыктырат. Канча баага? Кимге катталган? Мындай белекти Текебаев эмне үчүн алды? Башка прокуратура эч кандай далил таппагандыктан Бабановдун күлүгү боюнча маселе жабылды. Азыр менде Текебаевдин "темир тулпары" кайдан келгендиги боюнча суроолор бар", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД