Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасында Өзбекстанда издөөдө жүргөн Фергана облусунун тургуну Хабибулло Сулейманов кармалды.

Ал террористтик ишмердиги үчүн жана Түркестан Ислам кыймылына тийиштиги бар делип эларалык издөөдө жүргөн.

Хабибулло Сулейманов КР МУККнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда аны Өзбекстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД