Кыз ала качкандарга жазаны катуулатуу боюнча "Ак үй" алдында митинг өтүүдө

"Ак үй" алдында кыз ала качкандарга карата Кылмыш кодексиндеги нормаларды катуулатуу боюнча митинг өтүүдө. Акция кыз ала качууга каршы улуттук кампаниянын алкагында өтүүдө. Ага "СКью" Бишкек феминисттик демилгеси, "Диа" коомдук бирикмеси жана "Жарандык демилге борбору" коомдук фонду катышууда.

Активисттердин айтымында, өлкөдө бир суткада 32 кыз ала качылып, 6 кыз зордукталат. Ал эми кылмыш иши 700 иштин бирөөнө гана козголуп, сот чечими 1 500 иштин бирөөнө гана чыгарылат.

Учурда кыз ала качкандар эки жылга чейин жаза алышат. Митингчилер жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин узартууну талап кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД