Темир Сариев: Өкмөт социалдык багыттагы саясатын улантат

Өкмөт социалдык багыттагы саясатын улантат. Бул тууралуу Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруу координациялык кеңештин жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.

Өкмөт социалдык багыттагы саясатын улантып, коомдун аярлуу катмарын колдоого алат. Министр келечекте социалдык төлөмдөр жана пенсияны көбөйтүү улантылаарын белгиледи.

Ал ошондой эле коррупция менен күрөшүү активдүү жүрүп атканын жана жолдогу коопсуздук боюнча программаны ишке киргизүү планда бар экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД