Жогорку Кеңеште Ахматбек Келдибеков Камчыбек Ташиевди колдоого алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков партиялашы Камчыбек Ташиевди колдоого алды.

Келдибеков депутатты эл шайлагандыктан алар "Ташиевдин тагдырына кабатыр болууда" дейт ал. Анын айтымында, коллегасын камакка алуу мыйзамсыз. Ал буга чейин ушундай кадамдарга саясатчылар барганын айтып, бирок аларды үй камагына чыгарганын айтты. Келдибеков Орусияны мисал келтирип, ал жакта оппозиционерлерди камакка албай, өлкөдөн чыкпоо тууралуу кат жаздырып аларын айтты.

"Эмнеге мыйзам эки ача болууда? Же президенттин айланасындагылар ага туура эмес маалымат жеткизип атабы?", - деп суроо салды депутат.

Экс-төрага Ташиевдин коллегаларынын көңүл коштугуна таң калды. "Эмнеге биз комиссия түзгөн жакпуз, бул маселени караган жокпуз?", - дейт Келдибеков.

Анын айтымында аксакалдар төрт күндөн бери президентке кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды киргизишкен жок. Депутат ошондой эле атка минерлер жолугушууну каалагандар жөнүндө президентке айткан эмес деген божомолун айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД