Исмаил Исаков Ташиевди кылган ишине жараша жазалоого чакырды

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында ар бир адам кылган ишине, жасаган кадамына жараша жаза алыш керектигин айтып, камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевди мыйзам чегинде жоопко тартууну айтты.

"Таарансын, сөгүнсүн, жинденсин, бирок биз мыйзамга тартип киргизишибиз керек", - деди Исаков.

Эске салсак, кечээ, 17-октябрда, Бишкек шаардык соту "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовду камакта калтырган. Ал эми Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД