"Газпромнефть Азия" күйүүчү майдын дагы 1 сомго кымбаттай турганын айтты

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа дагы бир сомго кымбаттайт. Бул тууралуу "Газпромнефть Азия" ЖЧКнын анализ жана баа аныктоо бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Тургунбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын аймагындагы күйүүчү майдын баасы Кыргызстанга салыштырмалуу жогору. Өндүрүүчү-заводдордогу баа жогорулагандыктан күйүүчү майга болгон баа да кымбаттайт. "Газпромнефть Азия пайда табыш үчүн иштейт жана бааны төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок", - дейт Тургунбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД