Депутат: Соттолгон кишилердин чакан насыя берүү компания ачуусун чектөө керек

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин жыйынында соттолгон кишилерге чакан насыя берүүчү компания ачууга чектөө киргизүүнү сунуштады.

Ал учурда чакан насыя берүүчү компаниялар арасында өтө көп алдамчылар бар экенин айтып, Мавродини мисал келтирди.

"Жарандарды мындай уюмдардан сактоо үчүн буга чейин соттолгон кишилердин лицензия алуусуна чектөө киргизүү керек", - дейт Кочкоров.

Бирок, Улуттук банктын төрага орун басары Абдыбалы тегин Суеркул мындай кылуу туура эместигин айтты. "Эгер киши жаш кезинде тоок уурдап, кийин банк ачууну чечсе, биз аны эмнеге чектешибиз керек", - дейт Суеркул.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД