Курман айтта коомдун аялуу катмарына эт таратылат

Муфтият 26-октябрга белгиленген Курман айттын программасы жөнүндө маалымдады.

"Майрамдоо борбордук "Ала-Тоо" аянтында эртең мененки намазды окуу менен башталат. Андан кийин мал союлуп, коомдун аялуу катмарына эт таратылат. Адамдар бир-бириникине айтташат. Муфтий м.а. Рахматулла ажы Эгембердиев коомдук ишмерлер менен жолугушат", - дейт мутияттын басмасөз катчысы Эсен Өмүралиев.

24-октябрда Спорт ордосунда Курман айтка арналган концерт өтөт. Анда диний ырлар ырдалып, акын жана комузчулар өнөрлөрүн тартуулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД