Монголия Кыргызстанга орток инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады

Монголия президенти Цахиагийн Элбэгдорж Кыргызстанга "Өнөктөштөргө жардам берүү" орток инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, фонд азыр түзүлүүдө. Депутат Кыргызстан аталган фондго кошулуу сунушун карап көрүшү керектигин белгиледи. "Азырынча фонд бюджетинин суммасы айтыла элек", - дейт ал.

Эске салсак, 2-6-октябрда Жогорку Кеңештин 10 депутаты монгол парламентинин чакыруусу менен жана USAIDдин колдоосу аркылуу парламентаризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Монголияга барып келишкен. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү, Монголиянын президенти, спикери жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан.

"Алардын парламентинде деле мушташ болот", - деп "Республика" фракциясынын депутаты Ахматбек Баатырбеков белгиледи. Ал ошондой эле Монголиянын мурдагы президенти миллиарддаган байлыгы менен түрмөдө отурганын (ал коалициялык көпчүлүктө отурган бир партиянын жетекчиси) кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД