Башкаруучу коалиция бала төрөбөгөн аялдын кейпин кийип бараткандай

17-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында башкаруучу коалиция тарабынан даярдалып, оппозиция менен макулдашылган ЖКнын 14 комитеттен турган структурасы депутаттардын жетиштуу колдоосуна ээ боло албады. Башкаруучу коалиция далбастап, эки жолу добуш берүү уюштурганына карабай 51-53 добуштан ашык чогулта алган жок. Оппозиция, коррупцияга каршы комитетти жойдуртуп, анын милдеттерин өзүлөрүнө тиешелүү, кылмыштуулукка каршы комитеттин курамына киргиздиртип, комитеттердин санын бирге кыскартууга жетишип мөрөй алды. Ошону менен бирге, башкаруучу коалициянын ыркы жок, "1-группадагы майып" сыяктуу эле бир араң жан экени да ачыкка чыкты.

Башкаруучу коалициянын чийкилиги менен туруксуздугу буга чейин эле сезиле баштаган. Мындан эки жума мурунку отурумда, добуш берүү күнүндө да баш аягын жыя албаган башкаруучулардын айынан ал күнкү добуш берүү үзгүлтүккө учураганы белгилүү.

Ошентип, "ырыс алды ынтымак" деген элдик лакапты туу тутсак ишибиз оңолуп кетээр деген ниет менен сентябрь айынын башында түзүлгөн башкаруучу коалиция, 67 добушуна ээ боло албай, кабыл алабыз деген мыйзамдарын, токтомдорун өткөрө албай, баягы бала төрөбөгөн аялдын кейпин киийип бараткандай.

Башкаруучу коалициянын ишин ийгилик жылоолобой жатышына коомчулук да өз көңүлүн буруп, ой-пикирлерин билдирүүдө. Айрымдар, "булар башынан эле бир адамдын жеке саясый амбициясына кызмат кылуу, бирөөнөн өч алуу, уюшмага кошулгандардын жеке кызыкчылыктарды канагаттандыруу үчүн биригишип, бирөөгө ор казып, "бүтүлүүнү бүлдүрүп, бүтүн элди күлдүрүп", коомдогу көптөгөн адамдарды, саясый күчтөрдү нааразы кылуу менен биригишкен, башкаруучу коалицияны куроодо элдин мүдөөсү, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынган эмес, ошондуктан, коомчулуктун колдоосуна ээ боло албай жатат", деген пикирлер айтылууда. Эл ичинде, "Өмүрбек Бабановдон кутулуш үчүн гана жасалган иш" деген сөз ишенимге ээ болуп кетти.

Ага кошул-ташыл болуп 67 мандаттын жетишсиздиги (аз болсок, бөлүшкөнгө жакшы (!), көбүрөөк тиет дешкен го?), ички нааразычылыктар менен кедергиликтин таасири тийип, коалициядагылар өзүлөрү "биз, коалиция барбызбы(?), же мындай коалиция анда керекпи?" дешип (мисалы: Дамира Ниязалиева ж.б.), ЖКнын жыйынында маселе койгонго жетишти. Башкаруучу коалициянын "комага" түшүүгө чукул абалын байкаган оппозициялык "Ата-Журт", "Республика" фракциялары да кезек кезеги менен таалуу жерден кармап, -"заң" чыгара албаган коалиция керекпи (?), дегенсип, көзгө чукуп турмайын уланта берээри бышык.

Башкаруучу бирикмедегилердин "өз короосуна" ээ боло албай жатышы тууралу айта турган болсок, бул жерде ачыгын айтышыбыз керек (!),идеологиялык келишпөөчүлүктөн улам келип чыккан карама-каршылыктар жокко эсе. Өмүрбек Абдырахманов менен Равшан Жээнбеков менен токтолот.

Ынтымак жок болуп, ырыстын кыркылып жатышынын негизги себептеринин бири, бул калыссыздык. Чечимдерди кабыл алуудагы, кызматтарды ж.б. ресурстарды бөлүштүрүүдөгү фракция жетекчилеринин "кол ийрисине тартат" кылып, жең ичинен иш бүтүрө салмай адаттары менен сугалактыгы катардагы депутаттардын жанын кашайтып бүткөндөй. Регионалдык кызыкчылык аркасында тетири "заара ушатып" жаткандар, ошондой эле, Исмаил Исаков, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Бодош Мамырова сыяктуу оюн ачык билдирип жаткандар да бар.

Ошого карабастан башкаруучу коалиция "биягынан алдырсак, тиягынан жулабыз" дегендей, майнапсыз алпурушуусун улантууда. Азыркы кырдаалдын "аппетиттүү" иш-аракеттеринин бири катары вице-спикерликтер менен комитет жетекчилеринин кызматтарын дайындоо, иш башкармалыгын аппаратка кошуу, ооштуру, кыскартуу, жаңыларын дайындоо менен алектенүү болууда." Жылдагыдай эле, бул сапар спикерди да ооштуру кажет" дегендер да бир топ болду. Бирок, "ажо бовойт дептир, ошондон улам маселе кийинкиге калтырылыптыр" деген пикирлер да айтылууда.

"Катуу бассаң таскак, акырын бассаң аксак" деп, оңой менен бирөөнү жактыра койбогон кыргыз коомчулугу кечээ эле Асылбек Жээнбековду "чечкиндүү эмес, мокок" деп сындап келгени белгилүү. А, бүгүнчү? Азыр серепчилер, "Асылбек Жээнбеков адыраңдап, аша-чаап кетмейге алдырбай, жөнөкөйлүк, токтоолук, маданияттулукту көрсөтүп, кыска мөөнөттө көпчүлүк депутаттардын көөнүн таап, ЖК ишин татыктуу деңгээлде уюштура алды, ушул себептер дагы спикерди кайра шайлоо маселесин кийикиге жылдырууга түрткү болду" деген пикирлерин билдиришүүдө.

Ошентип, баягы, "оомал, төкмөл дүнүйө" дегендей, эки жылда үч коалиция куруп, парламенттик системанын күнүн кечирүүдөбүз. Бирок, кандай бада курап, канча букага кошсоң деле уйу жыл сайын кысыр кала бергенден улам наалып жаткан адам сыяктуу, кайра кайра жаңы комбинация менен коалиция куралса деле иштеринен майнап чыкпагандыктан элибиз да нааразы болуп наалый баштагандай.

Мына эми, бул "ырыс алды ынтымак" коалициясынын деле иши жүрбөй баратат. Көп узабай, булар да ажырашса кандай болот? Кайра кимисин кимисине "баш байлайбыз?" "Вроде", баары эле бир бир сыйрадан бири бирине үйлөнүп бүттү го? Эми экинчи "кругга" кетсек, парламент эмес эле бир ТОК-ШОУ болуп калчудайбыз!

Андан көрө акыркы попытка деп КСДПны оппозицияга калтырып (парламенттик заманда ушулар эле оппозиция болуп көрө элек, калгандары бирден, айрымдары экиден ирет "субай" калды) бир башкаруучу коалиция түзүп көрбөйлүбү? Ошондо да майнап чыкпаса, анда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрөлү? Эл чечсин! Балким, башкараактар кошулса иш жылып кетээр.

Сабыр МУКАНБЕТОВ


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД