Бишкек-Ош жолунда 300гө жакын машина автотыгында турат

17-октябрда жааган кар Бишкек-Ош автоунаа жолунун 124-135чи чакырымында бийиктиги 40см ге жеткен. (Бул чакырымдар туннельдин алды жана арткы бети болуп калат). Анын кесепетинен автоунаа тыгыны пайда болуп учурда 300гө жакын машина жолдо турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Жолдо жүргөн бардык айдоочуларга зарыл иштер жок болсо, алыска сапар алууну убактылуу токтотуп турууну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД