Ала-Бука райсотунун судьясы Жаримбетов убактылуу башка районго которулду

Ала-Бука районунун жергиликтүү элинен ур-тепкиге алынган Ала-Бука райондук сотунун судьясы Абибилла Жаримбетов убактылуу башка райондук сотко которулду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун судьясы Абиджан Исаков Ала-Букага барып, ооруканада дарыланып жаткан судья Жаримбетовдун ден-соолугун сурап, ИИБнин начальниги жана анын кызматкерлери, прокуратуранын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана ошондой эле чырдашкан тараптар: күнөөлөнгөн ага-ини Рахмидин, Шухрат Эгембердиевдер, жабырлануучу Базаралы Эргешов менен жолугушуп келген.

Абиджан Исаковдун жогорудагы айтылган тараптар менен жолугууну жыйынтыктоо справкасында судья Жаримбетов сот отурумунда КРнын КЖКнын нормаларынын негизинде иш кылгандыгы көрсөтүлгөн.

Судья Исаков чырды токтотуу үчүн Ала-Бука райондук соттун судьяларын башка районго которууну сунуштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД