Жапаровдун тарапкерлери жекшембиде чоң митинг өткөрүүнү белгилешүүдө

МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун Түптөн Балыкчыга чейин жөө жүрүш жасаган тарапкерлери жекшемби күнү чоң митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу депутатты коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүшкө катышкан 200 кишинин баардыгы тең аба ырайынан улам Балыкчыда турушат. Бирок, эркектер Боом капчыгайынан Нарын тарапка бурула беришке эки боз үй тигишти.

"Жекшемби күнү, 21-октябрда бизге депутат Жапаровду колдогон Жети-Өгүз районунун, Балыкчы жана Нарындын жашоочулары кошулат. Биз чоң тынчтык нааразычылык акциясын өткөрүүгө ниеттенүүдөбүз жана депутатты бошотууну талап кылабыз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД