Кыз ала качууда жоопкерчиликти катуулаткан мыйзам долбоорун парламент жактырды

Парламент кыз ала качууда жоопкерчиликти катуулаткан мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору эки окуудан тең өттү.

Мыйзам долбоорун добуш берүүгө коёрдун алдында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу исламда "кыз ала качуу" түшүнүгү жок экенин белгиледи.

"Бирок исламда "бойго жетүү" түшүнүгү бар. Эгер кыз турмушка чыкканга даяр болсо, аны бериш керек. Биз 18 жашка толбой туруп турмуш кургандарды камакка ала албайбыз", - дейт ал.

Бирок төрага Асылбек Жээнбеков бардык маселелерди добуш бергенден кийин талкуулап мыйзам долбоорунун тагдыры чечиле турганын белгиледи.

Эске салсак, бүгүн "Ак үй" алдында аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу керектигин жактаган акция болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД