Энергетика министри: Бишкекте электр жарыгын өчүрүү болбойт

Бишкекте кышында электр жарыгын өчүрүү болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн 18-октябрдагы жыйынында энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калмаматов билдирди.

Ал учурда шаар боюнча 10 жылуулук казаны даяр экенин белгиледи.

"Бүгүнтөн тарта шаардык энергосистема кышкыга даяр, бирок көмүр менен камсыздоодо көйгөйлөр бар", - дейт ал.

Калмаматов премьер-министрдин бүгүнкүдөй суук болсо шаарды жылутууга канча убакыт керек? деген суроосуна, "4-5 күн кетет", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД