Бильярдчы Каныбек Сагынбаев дүйнөлүк чемпионаттын 1/32 финалына чыкты

Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Белорусиянын Минск шаарында өтүп аткан эркин пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 1/32 финалына чыкты.

Пирамида боюнча Европа комитети билдиргендей, чучу кулак кармоонун жыйынтыгында Сагынбаев башталгыч турга катышпай, жогорку бөлүктө ойноого мүмкүндүк алган. Финляндиялык бильярдчы Юхо Нюканенди 5:2 эсебинде утуп, 1/32 финалына чыккан.

Бүгүн, 19-октябрда, 1/32 финалга чыгуу үчүн 15 жаштагы Ызатбек Раатбеков, Зайлан Адамов жана Камолиддин Есиддиновдер күч сынашат. Үч оюнчу тең бирден жолу утулган жана бирден жеңишке ээ болушкан.

Андан сырткары, аталган чемпионаттагы эки беттешүүдөн Канат Сыдыков, Азиз Мамадинов, Кубанычбек Сагындыков жана Антон Нетесов утулуп калышты.

Бул чемпионатка Кыргызстандан 8 бильярдчы катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД