"Кыргызалтын" күмүш сатуудан бюджетке эч каражат түшкөн жок дегенди төгүндөдү

"Кыргызалтын" ААКсы мурдагы депутат Кубанычбек Исабековдун Кумтөрдүн күмүшүн сатуудан Кыргызстандын бюджетине бир да тыйын түшкөн эмес жана кыргыз алтындары орусиялык "Номос-Банк" аркылуу эмес кыргыз банктары аркылуу сатылышы керек деген билдирүүсүн төгүндөдү. Мындай билдирүүнү акционердик коомдун басмасөз кызматы билдирди.

"Кыргызалтын" Кумтөрдүн күмүшүн жана алтынын сатуу боюнча суроолорго жоопту Кубанычбек мырза Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутат убагында эле алганын маалымдады.

Аталган мекеме ошондой эле Исабеков билдиргендей алтынды "сатуу операциялары" "Номос-Банкы" аркылуу жүргүзүлбөйт жана ал ортомчу эмес, "Кыргызалтын" ААКынын алтындарын сатып алуучу болорун билдирди.

Маалыматта айтылгандай "Кыргызалтын" жылына баалуу металлды сатып алуу боюнча эларалык ачык конкурс өткөрөт. Акыркы жылдары эларалык алтын рыногундагы туруктуу атактуу оюнчулардын бири да "Номос-Банктын" шарттарынан жакшы сунушту сунуштай алган эмес. "Тилекке каршы, бул конкурска катышуу үчүн жергиликтүү банктардын финансылык да, техникалык да мүмкүнчүлүгү туура келбейт", - деп жазылат акционердик коомдук басмасөз кызматы тараткан билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД