"Волга-Днепр" авиакомпаниясы Кыргызстандын рыногуна кайтып келүүнү кароодо

Орусиялык "Волга-Днепр" авиакомпаниясы Кыргызстандын рыногуна кайтып келүү маселесин кароодо. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы Соода боюнча өкүлчүлүгүнөн билдирди.

16-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы соода боюнча өкүлү Владимир Некрасов "Волга-Днепр" авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Орусиялык соода боюнча өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, "Волга-Днепр" авиакомпаниясы жарандык жүк ташууга адистешип жана оор жүк ташуу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД