Ош облустук Юстиция башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып атканда кармалды

МУККнын коррупцияга каршы кызматы Ош облусунун Юстиция башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Камоловду 9 миң сом өлчөмүндө пара алып аткан жеринен кармап, МУККнын убактылуу кармоочу жайына камакка алды.

Маалым болгондой А.Камолов ишкерден ага таандык мекемени ликвидация кылып берем деп пара алган.

Учурда МУКК кылмыш кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД