Камчыбек Ташиевди МУККнын ооруканасына которушту

МУККнын убактылуу тергөө изоляторуна камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Камчыбек Ташиевди МУККнын ооруканасына которушту. Ал кургак ачкачылык жарыялаган болчу. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 18-октябрда Ташиев тергөө изоляторунан МУККнын ооруканасына жеткирилген.

"Ташиев жарыялаган ачкачылыгынан баш тарта элек, эч кандай дарыларды ичкен жок, анын ден соолугун доктурлар көзөмөлдөп турушат", - дейт Айткулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД