Кожоналиевдин баш коргоо чарасы анын оорусуна байланыштуу кийинкиге калды

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы МУККнын тергөө абагына камакка алынган Кубатбек Кожоналиевдин баш коргоо чарасын анын оорусуна байланыштуу кийинкиге калтырды. Бул тууралуу Кожоналиевдин адвокаты Искандер Журабаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, соттук коллегия Кожоналиев Улуттук кардиологиялык борбордун реанимация бөлүмүндө жаткандыктан, соттук отурумду 22-октябрга жылдырды.

Ал ошондой эле шектелүүчүнүн сотко келип келбегендигине карабастан сот анын баш коргоо чарасын кароосу керек болчу деп кошумчалады. "Бизде ал оор абалда экендигин тастыктаган расмий кагаз турат. Бирок сот баары бир баш коргоо чарасын карабай турганын айтты", - дейт Журабаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД