"Ар-Намыс" өз мүчөлөрүнө камакка алынган атажуртчуларга болушууга тыюу салды

"Биздин фракциянын мүчөлөрү кимдир бирөө тууралуу өтүнбөйт. Мындай чечим "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында кабыл алынды. Эгер "Ар-Намыс" фракциясынан кимдир бирөө атажуртчулар үчүн өтүнүп кайрылса, биздин фракция ал кайрылуу менен макул болбойт", - деп фракция жыйынында анын лидери Феликс Кулов билдирди.

Эске салсак, кечээ Кулав жана Жогоку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков МУККнын тергөө абагында камакка алынган "Ата-Журттун" төрт депутаты: Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана Нариман Түлеев менен жолуккан.

Кулов МУККга барганын Жогорку Кеңеш жыйынында камакка алынган депутаттардын маселеси көтөрүлгөндүгү менен түшүндүрдү. "Буга аракет жасабай коюу мүмкүн эмес болчу. Төрага, мен жана Токон Мамытов үчөөбүз Жапаров, Ташиев, Мамытов жана Түлеев менен жолугуп келдик".

Ал жолугуушунун максаты эл өкүлдөрүн бошотуу эмес, аларды кармап аткан жердин шарты жана кандай дооматтары бар экенин билүү болчу дейт.

Кулов ошондой эле аларга президенттин сөзүн жеткирди. Биринчиден мамлекет башчысы тергөөгө эч кандай кийлигише албасын билдирди. Экинчиден, Ташиевдин жоругуна таң калганын айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД