Данияр Тербишалиев парламент жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүнү сунуштады

КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев парламент жыйындарын онлайн режимде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал КСДП, "Ата-Журт" жана "Республика" фракцияларынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал парламентаризмдин жактоочусу экенин жана Жогорку Кеңештин өнүгүү стратегиясында акырындык менен парламентаризмдин классикалык формасына өтүүнү сунуштады.

"Биз дүйнөлүк агымда болгондуктан мыйзамдарга эларалык стандарттарды киргизүүбүз керек. Ааламдашуу прецессинен артта калбай ага аралашышыбыз керек", - дейт Тербишалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД