Феликс Кулов: Нариман Түлеевди бар да жолу суракка алган эмес

Камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев эки айдан бери суракка алынбаганын айтты. Бул тууралуу "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында анын лидери Феликс Кулов билдирди.

"Биз бул фактыны жеринде чечүүгө аракет кылдык. Тергөөчүлөр Түлеев сурактан баш тарткандыгы жөнүндө документтерди көргөзүштү", - дейт Кулов.

Анын айтымында, тергөө абагына барган депутаттар тергөөчүгө "Түлеевдин өтүнүчүн көңүл коюп чечишин" айтышкан.

Эске салсак, кечээ Кулов жана парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков МУККнын тергөө абагында камакка алынган "Ата-Журттун" төрт депутаты: Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана Нариман Түлеев менен жолугушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД