Кубатбек Кожоналиевди реанимациядан жалпы бөлүмгө которушту

Юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиевди Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которушту. Бул тууралуу аталган ооруканадан "ВБ"га билдиришти.

Медкызматкерлердин айтымында, кечээ күнү "жүрөктүн туруксуз стенокардия" диагнозу менен алынып келинген Кожоналиев жалпы бөлүмгө которулган.

"Кожоналиевдин абалы туруктуу, ден соолугуна эч кандай коркунуч жок", - деп билдиришти кардиология борборунан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД