ИИМ: Парламент депутаттарынын талап-тоноого катыштыгы бардыгы боюнча далил жок

Парламент депутаттарынын талап-тоноого катыштыгы бардыгы боюнча далил жок. Бул тууралуу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Норзубаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги №1 тергөө абагындагы Абдулла Юсупов 7-апрелдеги талап-тоноого "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн тийиштиги бар экенин айткан.

"Талап-тоноону уюштуруу жана ага катыштыгы боюнча депутаттардын; Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Туратбек Мадылбековдор боюнча далилдер жок, бирок Райкан Төлөгөнов боюнча бизде маалыматтар бар. Аны да текшериш керек", - дейт Норзубаев.

Эске салсак, айыпталуучу Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморовдун иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД