Бишкекте жүргүнчү бар маршрутка бакты сүздү

Ичинде 10дой жүргүнчү бар маршруттук такси Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен бакты барып сүзгөн. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматынын эки бригадасы кетти. Бул тууралуу тез жардам кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Станциянын улук дарыгери бардык жабыр тарткандарга жардам берилгенин кошумчалады. Жараат алгандар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД