МУКК: Бишкекте террористтик топтун дагы эки мүчөсү кармалды

Бишкекте террористтик топтун дагы эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда көмүскө террористтик аракеттерди жүргүзүүнүн алдын алуу ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө МУКК кызматкерлери тарабынан жергиликтүү эки жаран кармалган.

Алардын Лебединовка айылындагы жашаган жеринен курал жана ок-дарылар табылган. Эки Калашников автоматты, дүрбүсү бар снайпердик курал, бир карабин, бир Макаров тапанчасы, төрт аскер бычагы жана 9 мм, 5,45 мм, 7,62 мм калибрындагы 6 миң ок алынган.

Эске салсак, 17-октябрда Бишкек жана анын айланасында жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө террористтик топтун 5 мүчөсү кармалган. Алар жакын арада Бишкекте укук коргоо органдарына жана мамлекеттик мекемелерге карата террордук аракеттерди жасамак.

Учурда МУКК органы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД