Канттагы авиабазада көрсөтмө учуулар тартууланды

Санкт-Петербургдан келген коноктор үчүн ЖККУнун Канттагы базасынын аскер кызматкерлери аскердик тик учактарда көрсөтмө учууларды тартуулашты.

Авиабазанын аймагы менен таанышуудан кийин бардыгы аэродром тарапты көздөй бет алышты. Ал убакта асманга бир учак менен бир тик учак көтөрүлгөн болчу.

Алгач коноктор Бишкектин жанында орун алган базанын техникалык абалы менен таанышты. Ал үчүн атайын аянтка учак менен тик учактар коюлган. Каалоочулардын бардыгы кабинада отуруу мүмкүнчүлүгүн алды. Андан соң чакан авиашоу тартууланды. Учактар абада түрдүү формаларды тартышты. Аскер кызматкерлери бул учкучтар үчүн өтө деле кыйын эместигин түшүндүрүштү. Себеби, учкучтардын көбү биринчи класска ылайык келген квалификацияга ээ.

Ошол эле учурда авиабазанын клубунда аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү үчүн питердик ырчылар концерт коюшту.

Делегация чакан авиашоудан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Мирбек Асанкакунов менен жолугушуу үчүн жолго чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД