Италия Евгений Гуревичти камакка алды

Евгений Гуревич Римде шаршемби күнү камакка алынганын "Азаттык" радиосу анын адвокаты Астолфо Ди Аматого шилтеме берүү менен маалымдады.

Адвокатынын айтымында Гуревичти АКШдан келери менен аэропорттон кармалып Режина Челли түрмөсүнө алып кетишкен. Италия ага "Фаствэб" компаниясынын ишине байланыштуу арам акчаны адалдоо деген айып тагылууда.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликтин каржылык кеңешчиси болуп, Бишкекте MGN компаниясын башкарган Гуревичке Италияда кылмыш иши козголгону алгач Апрель ыңкылабынын алдында ачыкка чыккан.

Ал эми былтыр каржылык мүнөздөгү бир нече кылмыш иштери үчүн айыпталган Гуревич Кыргызстанда сыртынан 15 жылга кесилген, деп жазат аталган радио.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД