Улуттук банк 2012-жылы инфляциянын деңгээли 9 пайыздан төмөн болорун болжолдоодо

Ички жана тышкы таасирлер жок болсо 2012-жылы инфляциянын деңгээли буга чейин маалымдалгандай 9 пайыздан төмөн болот. Бул тууралуу 19-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук Банктын төрайымы Зина Асанкожоева билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын эң башкы жыйынтыктарынын бири болуп инфлияцияны буга чейин маалымдалган болжолдуу деңгээлде кармай алгандыгы.

2011-жылы инфляциянын деңгээли орто эсеп менен 10 пайыз деп белгиленген, бирок иш жүзүндө ал 5,7 пайызды түзгөн.

2012-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы менен инфляциянын жылдык маанилүүлүгү 4,4 пайыз болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД