Парламенттик комиссия депутат Калмаматовду күнөөлөөдө

"Ата Мекен" фракциянын депутаты Бактыбек Калмаматов 7-8-апрелдеги талап-тоноочулукту иликтеген парламенттик комитеттин ишин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенип атат". Бул тууралуу "Республика" фракциянын депутаты Абдыжапар Бекматов 22-октябрда "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 19-октябрда комиссия жыйынында Калмаматов менен Бекматовдун ортосунда ушунун негизинде кайым айтышуу болгон. Калмаматов Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, убактылуу комиссиянын милдети 2010-жылдын 7-9-апрель күндөрү мурдагы президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн талап-тоноо фактыларын иликтөө экенин белгиледи.

"Комиссия Калмаматов да Жалал-Абатка барат деп чечим чыгарган, мен ал үчүн да билет алгам. Учууга 10 мүнөт калганда ага чалсак, телефонуна жооп берген жок. Эки тарапты угуп келүү үчүн бүгүн Тейитке кайтадан барып келүүнү сунуштап атат. Азыр болсо Тейитке баруу комиссиянын иши эмес деп чыкты", - дейт Бекматов.

Анын айтымында, бул "түшүнүксүз" өзүн алып жүрүү, анын комиссиянын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганын негиздейт.

"Балким ал ушундай себеп менен комиссиянын жыйынтыгына кол койбоо жолун ойлоп атат", - дейт Бекматов.

Эске салсак, жумушчу топ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүн өрттөө жана талап-тоноо фактысын аныктоо үчүн Жалал-Абатка жумушчу иш сапары менен барышкан. Калмаматов бул сапарга маани бербей барбай койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД