Анара Молдошева: Аял депутаттындын саны 10 пайызга азайды

Жогорку Кеңештеги депутат аялдардын саны азайып кетти. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги уюштурган "Саясый катышуу" аттуу семинарда гендер маселеси боюнча эксперт Анара Молдошева билдирди.

"Эгер 2010-жылы шайлоодон кийин аял депутаттар болжол менен 30 пайыздай болсо, азыр 20 пайызды эле түзөт. Бул аял депутаттар мандатын жоготуп аткандыгы менен байланыштуу", - дейт Молдошева.

Анын айтымында, азыркы квоталык механизм аялдардын жана башка аялуу топтордун өз көз карашын чечим алууда коргоодо кепилдик бере албайт.

"Буга мисал катары "Республика" партиясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова Ленин районунун акими болгондо, анын ордуна эркек келди. Квоталык мехинизм аялдардын, этникалык жана жаштардын топторунун өз ордун сактап калууну кепилдеш керек", - дейт эксперт.

Молдошева ошондой эле парламенттеги аял депутаттардын саны боюнча быйылкы рейтингде Кыргызстан 50 орунда турарын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД