Милиция Бишкек шаардык сотуна барчу жолдорду жапты

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда 3-октябрдагы митингдин катышуучусу Кубатбек Кожаналиевдин баш коргоо чарасы каралмак. Имарат милиция жана атайын кызматтын өкүлдөрү менен курчоого алынып, ичине эч кимди киргизбей жатат.

Укук коргоо органынын кызматкерлери бир сааттан кийин ушул жерде "Ата-Журт" фракциянын депутаты Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы карала тургандыктан, коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүн айтышууда.

Сот имаратына укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кирүүгө аракет кылды, бирок аны да киргизишкен жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД