Сот Садыр Жапаровду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту депутат Садыр Жапаровду МУККнын тергөө абагында калтырып, баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Токтогул Абдыев билдирди.

Ал жактоочусуна чыгарылган жыйынтыкты мыйзамсыз деп атап, соттун негиздерин "күлкү келтирерлик" деди.

Эске салсак, 3-октябрда "Ата-Журт" депутатттарынын жактоочулары митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД