Төлөгөновдун жардамчысы ага карата куугунтуктоо болуп аткан айтты

Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов ага карата алдамчылык жана карамагындагы мүлктү менчиктештирип же коромжу сарптаган деген айыптоолор менен макул эмес. Ал бул тууралуу маалымат жыйында билдирди.

ИИМдин өкүлдөрү буга чейин 2002-жылдын аягы 2003-жылдын башында "Атлас" ЖЧКнын директору болуп турганда 20дан ашык жарандын ишенимине кирип, алардын 100 миң сом өлчөмүндөгү каражатын ээлеп алган деп билдиришкен.

"Андан соң издөө жарыяланган. Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Асанов Бакиевдердин үй-бүлөсү бийликке келгенден кийин алардын атынан пайдаланып, жарандардын иштеп турган бизнестерин тартып алуу менен алектенген", деп билдирет ИИМдин басмасөз кызматы.

Асановдун айтымында, ал 2003-жылы "Атлас" аттуу эмерек фирмасын ачып, кардарларды тартуу менен алектенген.

"Мен рынокко эң төмөнкү баа менен гана кирүү мүмкүндүгүн түшүндүм. Пайда болбогонуна карабай биз эмеректи чогултуп, сата баштадык. Иш алдыга жүрдү. Менин өнөгүм – фирманын директору Дмитрий Мануенков – ал өзүнүн милдеттерин так аткара албай, цехтин жумушун алып кете алган жок", - дейт ал.

Жардамчы ошондой эле компаниянын атына болгону 19 гана киши арыз жазганын айтып, фирманын жалпы карызы 5,5 доллар экенин айтат.

"Менин чарбалык талаш ишим кылмыш ишине которулду. Анткени мени темир тор артына отургузууну каалап атышат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД