Биринчи сорттогу ун 23 сомдон сатыларына сөз беришти

Биринчи сорттогу ун Кыргызстанда 23 сомдон сатылат. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун директору Каныбек Солтонов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, транспорттук чыгымдарды кошкондо биринчи сорттогу ун – 23 сомдон, экинчи сорттогу – 17,5 сомдон сатылат. Ун жалпы республика боюнча сатылат. Ал ошондой эле, азыр эле мындай унду кайдан сатып алуу керектиги жана эмне үчүн шаарда сатуучулар жок деген суроолор келип атат дейт.

"Биринчи күнү биздин сатуучулар мал базарларда болду. Сатуу Кара-Балта жана Бишкекте ишке ашууда. Борбордо жарманке цирктин жанында жана Асанбай кичирайонунда иштеп атат", - дейт Солтонов.

Ал иш күндөрү ун Бишкектин Некрасов көчөсүндө сатыла турганын кошумчалап, шаар жетекчилиги бөлүп берген орундарда жана борбор калаанын базарларында сатыла турганын кошумчалады. Бардыгы болуп 150 миң тонна ун сатылат. Алардын бардыгы Кыргызстандан чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД