Дзюдо федерациясынын президенти отставкага кетти

Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти Азамат Бакасов отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзү "ВБ"га билдирди.

"Президенттик орунду бекер эле берем. Спортчулар менен машыктыруучулар колдобой койгондо колдон эч нерсе келбейт", - дейт ал.

Эске салсак, Олимпиадалык оюндардан кийин Бакасов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетин сынга алган жана ал айткандары үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны аңдып жүргөнүн бир нече жолу ЖМКга айтып чыккан.

19-октябрда маалымат-жыйынынан кийин Бакасов укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД