Ушул жумада Бишкекте үч бекер wi-fi аймагы ачылат

Ушул жумада борбор калаада бекер wi-fi орнотулган үч аймак ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат-кызматы билдирди.

Зымсыз интернетке байланышуу аймактары Жаштар аллеясында, Эркиндик бульварында жана "Кыргызтелекомдун" башкы имаратынын алдында ачуу пландалууда. Учурда техникалык маселелер такталууда.

Эске салсак, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында бекер интернетке кирүү аймагы ачылган. Мындай аймактан он чактыны ачуу пландалып атканын мэриядан билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД