Дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктуруучусу дайындалды

Абдразак Шаршенов дзюдо боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктуруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу КР дзюдо федерациясынын директор м.а. Эркин Кадыракунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында мындай чечим федерациянын кезектеги жыйынында кабыл алынган.

Буга чейин курама команданын башкы машыктыруучусу Сергей Мистрюков болчу. Ал олимпиадалык оюндардан кийин отставкага кеткен.

Шаршенов жаштар курама командасында ага машыктыруучу болуп эмгектенген. Ал Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана анын тарбиялануучулары Болот Токтогонов жаштардын олимпиадалык оюндарында коло медалга, ал эми Талант Жанагулов Пекин олимпиадалык оюндарына катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД