Тергөө абагына камакка алынган Кожоналиев чернобыль авариясына катышкан

МУККнын тергөө абагына камакка алынган Кубат Кожоналиев Чернобыль авариясына катышкан жана анын ден соолугу учурда абдан начар. Бул тууралуу 22-октябрда "Вечерний Бишкек" интернет-редакциясында өткөн маалымат жыйында Кожоналиевдин адвокаты Искендер Журабаев билдирди.

Анын айтымында, Кожоналиев Жогорку Кеңеш депутаты Садыр Жапаров тарабынан уюштурулган митингге катышкан деп 5-октябрда мыйзамсыз МУКК тергөө абагына камакка алынган. Адвокаттын айтымында Кожоналиевдин оозунан бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча бир да сөз чыккан эмес, ал болгону модератор болгон.

"Кожоналиев Чернобыль авариясына катышкан. Ал жактан ден соолугун начарлатып алган. Андыктан ал тергөө абагынан жүрөгү ооруп атканын айтып кайрылган. Жыйынтыгында инфаркт менен ооруканага жаткырылды", - дейт ал.

Ал ошондой эле эки жолу Кожоналиевдин баш коргоо чарасын короону жылдырып атканын кошумчалады.

"Сот айыпталуучунун сот отурумуна келбегенин айтууда, бирок Кожоналиевдин келбегени сот отурумун жылдырууга себеп эмес, анткени ал оор абалда ооруканада жатат", - дейт адвокат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД