"Бета-Сторес-2" имаратынан милиция кызматкерлери бомбо издешүүдө

"Бета-Сторес-2" соода борборунан милиция кызматкерлери бомба издешүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен "ВБ"га маалымдады.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, 30 мүнөт мурда ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө "Бета-Сторес-2" соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү телефон чалуу болгон.

Аталган жерге ыкчам-иликтөө тобу саперлер менен дароо барган. Издөө жүрүүдө. Имарат милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, бардык кызматкерлер сыртка чыгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД