Мыктыбек Абдылдаев "Ата-Журт" фракциясынын лидери болду

"Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдиришти.

"Өлкөдөгү саясый абалды эске алып, Ахматбек Келдибековдун төрагалыгында 18-октябрда өткөн "Ата-Журт" фракциясынын кезексиз жыйынында бир добуштан Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлиги лидерликке көрсөтүлгөн", - деп билдиришти катчылыктан.

Бул чечим Садыр Жапаров менен макулдашылганын да кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД