Милиция "Бета Сторес" соода борборунун бардык имаратын курчоого алды

Милиция кызматкерлери "Бета Сторес" соода борборунун бардык имаратын курчоого алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен "ВБ"га билдирди.

Укук коргоо органдарынын билдиришинче, анонимдүү телефон чалган жаран бомба кайсыл имаратта экенин айткан эмес.

Андыктан укук коргоо органдары бардык үч имаратты тең курчоого алган. Алар Чүй преспектинде жайгашкан "Бета Сторес", Карл Маркс көчөсүндөгү "Бета Сторес - 2" жана Вефа соода борборунда орун алган борбор.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД