Бишкекте кинорежиссер Динара Асанованы эскерүү күнү өтөт

27-октябрда Бишкектеги Орусиянын илим жана маданият борборунда кинорежиссер Динара Асанованы эскерүү күнү белгиленет.

Иш-чаранын уюштуруучулары – коллегалары жана маркумдун туугундарынын айтымында 24-октябрда Динара Асанова тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. "Тилекке каршы ажарлуу аял жана чыгаан кинематографист бизден маарекесинен мурда кетти. Бирок анын элестери бир канча жыл мурда тарткан кинолорунда сакталып калды. Ал чоң кинолорду тартып, коомдо болуп аткан көйгөйлөрдү айтуудан корккон эмес", - дейт анын коллегалары.

Эскерүү кечесинде анын жеке архивиндеги сүрөттөр коюлат жана "Никудышная" фильми көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД