Бишкек шаардык кеңешинин акыркы жыйыны кворум жоктугунан башталбай турат

Бишкек шаардык кеңешинин азыркы курамынын акыркы жыйыны кворум жоктугунан башталбай турат.

Эске салсак, шаардык кеңештин жыйынын саат 9.00дө башталышы керек болчу. Бирок, 50 мүнөт өткөнүнө карабай депутаттардын көпчүлүгү келген жок. Регламентке ылайык жыйын башталыш үчүн 44 депутаттын 29у келиши керек. Жыйынга болгону 20 депутат келди.

Жыйынды баштоо чечимин депутаттар ЖМК өкүлдөрүсүз талкуулоону чечишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД