Шаардык кеңештин жыйынына келбеген депутаттарды саботаж боюнча күнөөлөштү

"Бул депутаттар тарабынан жасалган ачык саботаж". Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңештин 34-жыйыны кворум жок болбой калганына түшүндүрмө берип атып шаардык кеңеш депутаты Эмил Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, жыйынга келбеген депутаттар "жөн гана качып кетти" жана ушундай жол менен жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып атат. Сыдыковдун санаганы боюнча жыйынга 44 депутаттын болгону 14ү гана келген. "Алар күн тартибиндеги маселелерди талкуулагылары келбей атат. Мисалы жер тилкелерине байланыштуу", - дейт ал.

Депутаттын айтымында, жыйынга КСДП партиясынын депутаттары келген эмес. "Эгер партиялык тизме боло турган болсо, анда кийинки чакырылыш дагы жыйындарга келбей коюшу мүмкүн. Мен бир мандаттуу чакырылыштагы депутатмын", - дейт ал.

Шаардык кеңештин төрагасы Аман Кайыповдун айтымында, кээ бир депутаттар азыртадын эле жергиликтүү кеңеш шайлоосуна даярдана баштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД