Бишкек шаардык кеңештин акыркы жыйынын эртеңкиге белгилешти

Бишкек шаардык кеңештин акыркы жыйыны кворум жоктугунан болбой калды. Жыйынга 44 депутаттын 21и гана келген.

Жыйынга келген депутаттыр кечиккен коллегаларын эки саат күтүштү. Танапистен кийин деле кворум үчүн керек болгон 29 депутат чогулган жок.

Жыйынтыгында жыйын эртеңкиге белгиленди.

Жыйындын күн тартибине муниципалдык менчиктеги киши жашабаган имараттарды ижаража берүүдө жеңилдик кароо жөнүндө, Бишкекте курула турчу көп кабаттуу үйлөрдө үлүшү бар жарандардын тизмесин түзүүдөгү тактык жөнүндө, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке берүү жөнүндө, 2011-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жана 2012-2013-жылдарга болжол жөнүндөгү жана башка маселелер киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД